Казакстандын Актөбө шаарында инсульттан каза болгон 45 жаштагы аял 7 адамдын органдарынын донору болду. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, аялдын туугандары анын өлүмүн уккан соң органдарын алууга уруксатын беришкен. Дарыгерлер анын боорун, жүрөгүн, өпкөсүн, бөйрөгүн жана көз чанактарын алышкан.
Ак халатчандар көп өтпөй бөйрөк алмаштыруу боюнча операция жасашып, маркум аялдын бир бөйрөгүн 36 жаштагы аялга, экинчисин 58 жаштагы эркек кишиге салышкан. Калган органдар тез арада Астанага жөнөтүлгөн.
"Актөбөдө органдарды алмаштыруу боюнча операция жасоого бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок көпчүлүк учурда өлгөн адамдардын жакындары анын органдарын алууга уруксат бербей, каршы чыгышат. Алар менен психологдор иштешип, органдар башка адамдардын өмүрүн сактап калат экендигин түшүндүрүшөт. Убакыттын өтүшү менен донорлук кадимкидей көрүнүш болуп калат деген үмүттөбүз", - деген оорукананын башкы хирургу.