SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Дуба окутуп, сүйдүрүп алууга көз карашыӊыз" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Окутуп башка бирөөнү сүйдүрүү жана башка ушундай нерселерди кылуу чоң күнөө болуп саналат. Мындай окуялардын аягы көпчүлүк учурда кайгылуу бүтөт, кээде өзүн өзү өлтүрүү да болушу мүмкүн".
"Хадисте: Бурадарынын наамына жашыруун кылынган дуба кабыл болбойт" деп айтылат.
"Моюнунан байлаган ит ууга жарабайт" деп койчу беле, ошо сыяктуу кандайдыр бир мезгилде окутулган дубанын күчү бир күнү кетсе керек деп ойлойм. Бирок ал убакта баары кеч болуп калышы да мүмкүн. Ошондуктан кыз баланы ээрчитип барып дубалаткан эмес да туурабы? Анда баланы да жетелеп барбай эле дубасын кайтартса болот экен да?"
"Ошентип сүйдүргүчө, сүйдүрбөй эле койгон жакшы. "Тузик" болуп калган эркек менен жашагандын эмнеси кызык, билбейм. Эркек болгон соң эркектей эле болуш керек. Үйдө эркек бий болсо, береке болот".
"Көбүнчө цыгандарга окутушат, алардын дубасы эң эле күчтүү болот экен".
"Дубанын кийинки кесепети жаман. Ал сөзсүз жамандыгы менен кайтып келет. Эгерде окуткан жана багытталган адамга жетишпей калса, анын балдары азабын тартат. Бул дүйнөдө эч нерсе жоопсуз калбайт, андыктан мүнөттүк сезимди канааттандыруу эмес, эртеңки күндү да эске алып коюшса..."
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.