Президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга материалдык жардам берди. Бул тууралуу 17-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчы 2002-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга жалпы суммасы 1 320 000 сомду түздү. Өлкө башчынын буйругуна ылайык, курман болгондордун үй-бүлө өкүлдөрүнө жана жабыр тарткандардын ар бирине - бардыгы 33 адамга 40 миң сомдон бөлүндү.
Эскерте кетсек, Аксы окуясы 2002-жылы 17-мартта болгон. Анда Аксы районунун эли камакка алынган, ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу талабы менен Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп чыгышкан. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында райондун борборун көздөй бараткан 500дөй адамга каршы ок атып, бул күнү 6 киши каза болуп, 80дей адам жаракат алган. Кийинки күнү дагы бир жаран каза тапкан.