Жетимиш жаштын кырына барып калган берлиндик Гюнтер интернетте "саркеч ата" болуп таанылды

Мода - бул убакыттын өтүшү менен алмашып турчу нерсе. Адамдар жашы өткөн сайын курагына жараша кийим кийишери талашсыз. Бирок берлиндик Гюнтер Краббенхофт мындай жазылбаган эрежеге баш ийбейт.

Жакын арада Берлиндин Котбуссер-Тор станциясынын жанынан "саркеч чоң атаны" кимдир бирөөлөр сүрөткө тартып алып интернетке жарыялаган. Бирок сүрөт колдон-колго өтүп жүрүп отуруп, Краббенхофттун жашы 104тө деп интернетке жайылып кеткен. Өзү тууралуу маалыматты окуган Г.Краббенхофт "Менин жашымды 2 эсеге көбөйтүп жазып коюшуптур. Муну тамаша катары эле кабыл алдым. Кийинүү стилиме келсек, мага саркеч кийинүү жагат. Бардык жерде өзүмдү тыкан алып жүрүүнү жактырам. Өзүмө ырахат менен караганды сүйөм. Бул менин ички дүйнөмдүн курчап турган чөйрөгө чагылышы", - деп Фейсбуктагы баракчасына жазган. Өз пикирин билдирген соң ал жаш курагын сыр боюнча калтырып, жазган эмес. Анын стилине кызыгып, түрдүү пикирлерди, кабарларды жазган булактар 68-70 жаш деп чамалашкан.

Эсиңиздерде болсо, 2014-жылы кыргыз интернет айдыңында дагы Бишкектеги саркеч аксакалдын сүрөттөрү тарап, кызуу талкууга алынган. Чүй облусунун Арашан айылынын тургуну Качкын Кадыров дагы Гюнтер сыяктуу интернет жылдызына айланып, сүрөттөрү менен бөлүшкөн адам көп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jako18
2017-03-17 17:17:24
Азамат аксакалдар экен!!! Бар болушсун, гардиробу акыркы үлгүдөгү кийимдерге толсун ң!
+4
Hatali
2017-03-17 17:32:57
Акыр замандын балдары емес еле акыр замандын чалдары болуп калганго.
+2
bonbonita
2017-03-17 18:14:57
анча мынча жигиттерге караганда тузукко.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан