Бүгүн, 17-мартта партиялык жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун элесине арналган көргөзмө ачылды. Мамлекеттик ишмердин үй-музейиндеги көргөзмөгө келгендер анын эмгек жолу, өмүр баяны, иш бөлмөсү, колдонгон буюмдары менен таанышты.
Көргөзмө "Кыргыз өлкөсүнүн 1945-1960-жылдардагы өнүгүшүнө Раззаковдун кошкон салымы" аталышында өтүп, ал жерде гезиттик материалдар, сүрөттөр, токтомдордун архив кагаздары коюлган.
Исхак Раззакодун үй-музейинин имараты 1938-курулуп, 2005-жылы музей катары түзүлгөн.
"Ошол 1938-жылдан бери бул үйдө эл башкаруучулары жашаган. Анын ичинде 1950-жылдан тартып Исхак Раззаков да ушул жерде үй-бүлөсү менен жашаган. Мамлекеттик ишкердин орден-медалдары, грамота, сүрөттөрү, китептери, үй-бүлөсүнө жана өзүнө таандык көптөгөн буюмдар сакталган. Музейдин экспозициясында 1950-жылдарга таандык болгон Исхак Раззаковдун диваны да коюлган. Ошондой эле 1913-жылы Берлин шаарынан чыккан пианино ушул жерде сакталган. Бул пианино Исхак Раззаковдун кызы Элмира Исхаковнага таандык. Анткени ал Шубин атындагы музыкалык мектептен билим алган", - дейт Бишкек шаардык мемориалдык музейлердин директору Арман Керимкуловна.
Анын айтымында, Исхак Раззаковдун иш бөлмөсү ошол калыбында калтырылып, столдун үстүнө жубайы Рауза Раззакованын ал жөнүндөгү эскерүүсү коюлган. Ошондой эле биринчи секретардын акыркы көз айнеги, ал колдонгон телефон, китептер, стол чырагы коюлган.
Партиялык жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында туулган. Ал 1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болгон. 1961-жылдан тартып Москвада экономикалык советтин мүчөсү, пландоо комитетинин аппаратында кызмат өтөгөн.