7-майда ырчылар Омар менен Нурбек Савитахунов түз байланышта "Супер-Инфо" гезитинин окурмандары менен SUPER.KG порталынын колдонуучуларынын суроолоруна жооп беришет. Шоу-бизнестин келишкен мырзалары, миңдеген кыздардын жүрөк дарты болгон ырчылар бул күнү саат 14:00дөн 16:00гө чейин редакциябызда болот. Эгерде бул мырзаларга узатчу суроолоруңуз болсо, (0312) 47-39-39 номерине чалып айтсаңыз болот. Ал эми интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүгү барлар суроолорун бул жакка калтырышса болот.