ЭЛДИК КАБАР: Баткен шаарындагы Булак-Башы аймагына маршруттук таксилер өз убагында каттабай жатканына нааразы окурман

Баткен шаарынын Булак-Башы аймагына маршруттук таксилер өз убагында келбей, тургундар жөө 4-5 чакырым басып жатышканын окурман бүгүн, 17-апрелде SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Күнүнө 6 жолу келишет, бирок өз убагында келишпейт. Ушул көйгөйдү шаардык кеңештин депутаттары чечип беришерин айтышкан. Маршруттук таксилер өз убагында келбей, жашоочулар 4-5 чакырымды жөө басып келишет", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BakytAliev
2017-04-17 17:06:40
Ошону чечип берсе болот эле эжекейлер бар алар да 4 5 км басып мектепке келишеттер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан