Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында таза суу чыкпай, тургундар арасында ичеги оорулары көбөйгөнүн бүгүн, 18-апрелде SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман кабарлады.
"2010-жылы AРИС агенттигинин колдоосу менен айылга таза суу чыккан. Суу түтүктөрү начар болгондуктан жарылып, ал суу болгону 2 саат гана чыгып токтоп калган. Төлөйкөн айылынын тургундары каналдагы сууну ичип күн кечирип келишүүдө. Жаш балдар, айыл тургундары арасында ичеги-карын ооруларынын саны өстү. Ошол мезгилдеги айыл башчысы ар бир адам башына акча чогулткан, бирок айыл эли азыркыга чейин суусуз. Келген депутат, шайланган айыл округ башчылары "сууну чыгарабыз" дейт, бирок майнап жок. Суу каналда токтогондо шаардан же болбосо Ак-Буура дарыясынан ташып ичишет", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.