Бүгүн, 19-апрелде саат 15:00дөрдө Кант-Токмок жолунда токтоп турган ГАЗ-53 унаасын жол тандабас сүзүп оодарылып кеткенин окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"ГАЗ-53 унаасы жол оңдоп жаткандардыкы окшойт. Жол тандабастын ичинде 2 адам бар экен. Аларга "Тез жардам" биринчи жардамын көрсөтүп жатат", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.