Боинг кырсыгынан жабыр тарткандар үчүн жардам катары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине келген акча каражаттарды бөлүштүрүү өнөктүгү жакынкы аралыкта башталат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөттөн түшүндүрүшкөндөй, аталган министрликтин атайын эсебине түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү процесси курман болгон жана жабыркаган жарандардын кээ бир туугандарынын ортосунда акча каражатын бөлүштүрүү принцибинде түшүнбөстүктөр жаралган үчүн кечеңдеп жатат.
"Учурда компенсация жана материалдык жардам алуу үчүн документтер даярдалууда. Каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындары менен мамлекеттик нотариус иш алып барып, компенсациялардын деталдарын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Бул процедуранын алкагында каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарынын ар бири менен түрк авиакомпаниясынан алынуучу компенсация жана материалдык жардамга тийиштүү бардык суроолор такталып жатат", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары өкмөт учак кырсыгынан жабыр тарткандар үчүн жардам иретинде жарандардан атайын эсепке жалпысынан 100 миллион 499 миң 300 сом түшкөнүн баса белгиледи.