Казакстанда сакал коюуга мыйзам чегинде тыюу салынышы мүмкүн

Казакстанда сакал коюуга мыйзам чегинде тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматтарга ылайык, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын лидерлери менен болгон жолугушуусу маалында кыска шым кийип, сакал коюу казак салтына туура келбей турганын билдирди. Мамлекет башчы мындай көрүнүштөргө тыюу салуу маселесин мыйзам чегинде иштеп чыгууну сунуштады.

"Караңгылыктын айынан биздин жаштар сакал өстүрүп, шымдарын кыскартып алууда. Толугу менен карага чүмкөнүп алган казак кыздары көбөйдү. Бул биздин салтыбызга да, элибизге да жат көрүнүш. Буга мыйзам чегинде тыюу салуунун жолун караштыруу керек. Казактар аза күткөндө гана кара кийген", - деп билдирди Назарбаев.

Президент санариптик технологиялар өнүккөн доордо Казакстан "салттуу эмес диний агымдардын үгүтүнө" бөгөт коё алышы керектигин белгиледи. Назарбаев зарыл болгон учурда мамлекет Мусулмандар дин башкармалыгын колдоого даяр экенин айтты.

Казакстандын президентинин администрациясынын билдирүүсү боюнча Назарбаев өлкө үчүн салттуу ислам багыты катары ханафи мазхабын атады. Акыркы жылдары казак бийлиги өлкөдө исламдын башка агымдарынын, анын ичинде ваххабизм жана салафизмдин таасиринин өсүүсүнө карата бир канча жолу тынчсыздануусун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Seryi-Kardinal
2017-04-20 09:55:55
kyrgyzstan da kirgiziw kerek, sakal koiboi ele kunoo kylbai tuz jurson bolot
-10
Adil706070
2017-04-20 10:13:48
Seryi-Kardinal, ХХХ
Тушунсон Ислам бул терроризм эмес .Террористер Ислам динин жаман корсотуу максатында динди жамынып ар кандай жоруктарды жасап жатышат.
+4
Bolunbo.kyrgyz
2017-04-20 11:29:45
Adil706070, ай ушуну айта берип айта берип эки буттуларга тушундуро албадыкго
+2
Revolyutsiya2
2017-04-20 15:09:02
Нураке акыл-парасаттуу, келечекти коро билген инсан. Ар бир созун ойлонуп таразалап суйлойт, ашыкча суйлобойт. Келечекти коро билип анын камын корот. Олконун патриоту, элинин камын ойлогон журт атасы. Учурдагы казактардын Абылай ханы. Нураке (бул урматтын белгиси) исламды жаман деп жаткан жери жок. Бирок исламдын атын жамынган жаман жоруктардан жана башка агымдардан кутулалы деп жатат. Анткени диний радикалдар чала сабат мусулмандардан чыгып жатат башка агымга кирип кеткен.
-3
Revolyutsiya2
2017-04-20 15:13:37
Учурда казактардын кирешеси жан башына боло келгенде орустардай эле. Ошондуктан казактар бизге окшоп миллиондоп тентибей эле журот калкы бизден коп болсо да. Аны бут дуйно лидерлери сыйлайт, эсептешет. Тарыхта аты калчу инсан. Ал кишинин тилеги да ашкере динге берилген фанат болбогула, катардагы момун мусулман болгула, динди да, салтты да сыйлаган деген. Ислам дини бизге азыр келип жаткан жок. Алымбек датка атабыз, Курманжан датка энебиз да мусулман болушкан, дамбал, паранжысы жок эле.
-3
Dadasdasd
2017-04-20 10:23:31
Актер Ырчы Попторду кантесинер
+2
Adidas_91
2017-04-20 11:23:57
Ойной албаган бала энесинин ХХХ ойнойт болуп жататко бул туугандар акыркы күндөрү.
+3
ayjan_90
2017-04-20 12:45:04
Казактардын башчысына эмне болгон деги латын тамгасына отобуз дешти еми сакал менен хитжапка асылып калыптыр мусулманчылыктан кабары аз окшойт бул кишинин
+4
ooki8888
2017-04-20 12:56:14
Каппкара паранжа кийген, жарашпасада сакал койгондорго мен деле каршымын. Андай эле узун кийгинер келсе, Кыргызымдын улуттук кийимдерин кийгиле.
0
Ayida
2017-04-20 20:30:02
Сакал эле дейсинер
0
Ayida
2017-04-20 20:32:20
Сакалы бар ырчыларга Европадагы Россиядагы эмне дейсинер?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан