Ноокендеги Сакалды айыл өкмөтүндө 5590 киши тууган-уруктарынын үйлөрүнө көчүрүлдү

Ноокен району боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысынын маалыматы боюнча, Кара-Үңкүр дарыясындагы дамбаны бекемдөө иштери жүргүзүлгөнүнө карабастан, Сакалды айыл аймагындагы Чек, Кыргызстан, Кормоцех айылдарын суу каптоо коркунучу пайда болуп, кожолуктарды көчүрүү иш-чарасы башталган.

"Жалпы айыл аймак боюнча 885 кожолук 5590 киши тууган-уруктарынын үйлөрүнө көчүрүлдү:
Кыргызстан айылы 480 кожолуктан 384 кожолук көчүрүлдү (2304 киши);
Чек айылы 140 кожолук толук көчүрүлдү (1120 киши);
Сай-Бою 209 кожолук толук көчүрүлдү (1254 киши);
Кормоцех 132 кожолук толук көчүрүлдү (792 киши);
Чоң-Багыш 20 кожолук толук көчүрүлдү (120 киши);

Көчүрүү иштерине 2 автобус жана 6 кичи автобус тартылган", - деп жазылат маалыматта.

Министрлик билдиргендей, учурда министр Кубатбек Боронов айыл аймакты кыдырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан