Депутат Кожобек Рыспаев жоокерлердин тамак-ашына бөлүнгөн акчанын аздыгына нааразы

Парламенттин 20-апрелдеги жыйынында депутат Кожобек Рыспаев жоокерлердин тамак-ашына бөлүнгөн акча абакта отургандарга бөлүнгөн акчадан аз экенин айтты. Балдар бакчасына, абак кызматкерлерине, жана камакта отургандарга, жоокерлерге күнүнө канча акча бөлүнөрү тууралуу маалымат берүүнү өкмөттөн суранды.

Рыспаев Ысык-Көлдөгү "Кооператор" пансионаты боюнча чыр болуп жатканын да билдирди.

"Пансионатты тартып алуу боюнча иш Жогорку Сотто каралып жатат. Мага кайрылуу келип түштү, бул ишке Ак үйдүн 7-кабатынан кийлигишип жатканын айтышууда. Эч ким аралашпашы керек. Ким күнөөлүү экенин сот аныктап, калыс чечип берсин", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kamchatka
2017-04-20 19:03:43
Ии коржик маладес сенда суйлоп коесун анда мында е!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан