"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Оштогу Черёмушка кичи районундагы таштандылар жакын арада толук жыйналат

Ош шаарынын борборундагы Черёмушка кичи районундагы эс алуучу бактын жанындагы таштандылар жакын арада толук жыйналып, ташылып кетет. Учурда оӊдоп-түзөө, курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге ырчы Самара Каримова билдирди.

"Ал кичи райондогу "Кыргызстан" кинотеатры көптөн бери каралбай калган. "Самара" салону анын бир бөлүгү. Учурда курулуш иштери жүрүп жаткандыктан таштандылар турат. Ушул айдын соӊуна чейин баары толук жыйналып кетет. Кызыгы, ал жер буга чейин кароосуз калып, айланасы мал короого айланган экен. Ал тууралуу кабар жазбай, эми курулуш болуп, айланасын оӊдоо аракеттер көрүлүп жатканын көрүп, таштанды жатат дегени өкүндүрөт", - дейт Самара Каримова.

Белгилей кетсек, буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына окурман эс алуучу бактын жанында таштанды жыйналбай жатканын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
meni_kut
2017-04-20 13:42:35
Искак Раззаковдун баннери жаткан ошол жерде тебеленип,аны тосмо катары колдонгон.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан