Кочкор районунун Семиз-Бел айылындагы мектептин мугалимдери жумуш ташташты

Бүгүн, 24-апрелде Кочкор районунун Семиз-Бел айылындагы мектептин мугалимдери иш ташташты. Бул тууралуу аталган мектепте математика сабагынан берген Темирбек Эсеналиев SUPER.KG порталына билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин мугалимдер айлык акылары кыскарып жатканына нааразы болуп, акцияга чыгышкан. Кочкор районунун Семиз-Бел, Арсы айылдары бийик тоолуу жана шарты катаал аймактардагы айылдардын тизмесине кирбей калганы үчүн мугалимдердин маяналары кыскартылган. Социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова тизмеге 85 калктуу конуштарды киргизүү долбоору даярдалып, коомдук талкууга коюларын кабарлаган. Мугалимдердин айтымында, долбоор Өкмөттүн сайтына жарыяланган эмес. Алардын бүгүнкү эң негизги талабы долбоорду кароону эртелетүү.

"Биз бүгүн иш таштоого чыктык. Райондук билим берүү бөлүмүнө бүл тууралуу бир нече күн мурда расмий түрдө кабарлаганбыз. Алар бүгүн саат 9да келип, 11ге чейин сүйлөшүүлөр болду. Бирок жыйынтык болгон жок. "Бул маселе каралып жатат" деген эле мурункудай жооп кайтарышты. Биздин маселе өткөн жумада биринчи отурумдан өткөнүн айтышты. Мындай темпте маселе жакында каралып бүтпөйт. Биздин койгон талабыбыз - айлык акыбызды мурунку көлөмгө кайтаруу эртелетилсин", - деди Темирбек Эсеналиев.

Бүгүнкү нааразылык акциясына мектептин 39 кызматкеринин 32си катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
dina1983-19
2017-04-24 15:57:42
Мугалимдерге 30 000 ден жогору айлык берүү керек. Калктын санын эсептеген мугалим. Билим берген мугалим. Шайлоодо комиссия мугалим. Үгүтөөчү мугалим. Элди оң жакка салчуу мугалим парасыз иштешен мугалим ж.б.д. коп нерселерди аткаруучу күч бул мугалим деп ойлойм ошондуктан мугалимдердин айлыгын 100% эмес 1000% көтөрүү керек.
+3
spinkub
2017-04-24 16:09:35
dina1983-19, эки бутуму которуп кошулам сага!
+2
Rifle_I
2017-04-25 14:04:01
Адам эки бутун бир учурда эле көтөрөт эле. :)
0
altunbek78
2017-04-24 22:13:31
Эң туура, жеп жутарлар ойлонор, өкмөтү ойгонор.
+1
kochkor.siti
2017-04-24 22:45:35
Эң туура
+1
Rifle_I
2017-04-25 14:03:11
Бир күнү врачтар да иш таштайт. Айлыктарды бөлүп берип жатат. Дагы эле аз боюнча калууда.
Балдарыбызды багууну ойлонуш керекпи же ооруларды жаңы ыкмаларды колдонуу менен алек болуш керекпи ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан