SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Убактылуу кармоочу жайда өткөн күндөр" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"2010-жылы 23-февралда Орусиянын Тюмень шаарында аксылык досторум болуп сейилдеп жүрөбүз. Бир досум бир аз мас болчу. Бара жатсак эки орус бала тамеки сурап калды, алар да мас. Тамеки жок деп, кыскасы уруша кеттик. Орустун бири качты, экинчисин тепкилеп биз да качтык. Аялдамага жетпей эле бизди менттер кармап кетишти. Ошондо бир жата турган жери да жок "обезьянкада" 32 саат отурганбыз. Кийин баягы орус баланы таап келишти, ал "арыз жазбайм, кечирдим, биз да мас болчубуз" деди, анан бизди коё беришкен".
"Тааныш бала экөөбүз уюлдук телефон алмаштырып жатып түшүп калганбыз. Мен 1982-жылкы бир кыздын паспорту менен жүргөн элем, аты-жөнүмдү, туулган жылымды туура айтып, туулган күнүмдү унутуп калыптырмын, айта албай турам. Эжеме айтсам "ырас болуптур, сак болбойт белең, отура бер" деп өчүрүп салды. Тиги менден кайра-кайра "туулган күнүӊдү эстедиңби?" деп коёт, мен болсо "жок" деп коём. Акыры эжем келип, дароо эле "канча сурап жатасың?" десе, уялбай "3 миң" деди. "Кой э, эгер чын эле ошончо керек болсо, анда өзүң алып кал" десе, ал мент да "жок, өзүнүн туулган күнүн унуткан мени эки күндө унутат" деп коёт. Ошентип тартышып жатып 1500 рубль менен чыгарган, берки тааныш балам да бир тыйын бербей, мени менен кошо чыгып кеткен. Эжем азыркыга чейин "ошол таанышыңдын бети жок, жарымын да төлөбөй качып кетти" дей берет".
"Үч дос балам менен түнү көчөдө сыра ичип отурсак, менттер келип калды. Бирөөсү Орусиянын жараны, экинчи досумдун документтери жайында экен, менин жанымда документтерим жок болчу. Биринчиден, үйгө жакын эле жерде элем, экинчиден, ичкенге чыкканда документ жаныма албайт элем. Мени унаага салышты, ичинде бир эже бар экен. Убактылуу кармоочу жайга бара жатабыз. Мен бир аз кызуу болчумун.Алар үчөө, жолдо сөз талашып кеттим. Бир маалда чыканак менен көкүрөккө бир урду. Алдыдагы экөө аны кой десе да болбой дагы урду. Менин да жиним келип, ичине уруп жибердим. Эки урсаң "уктай" турган, кичинекей жаш бала экен. Ачууланган неме башка жакка айдатты. Ал урат, мен урам. Ошентип баягы айткан жерине баргыча төрт-беш жолу уруп алдым. Менин да көкүрөгүмдү эзип койду. Жанымдагы эже "кой эле, кой, унчукпа" дейт улам. Анан унаадан түшкөндө эле дубинка менен эки санга бирден берди, талтайып эле жатып калдым. Шофёр мент гана кой деп шеригин тынчтандырып жатты. Бир чети наша менен "подстава" кылып жиберишеби деп корктум. Жанагы эже ыйлап алган. Аны сыртка чыгарбай, машинаны жаап салышты. Ошентип бөлүмгө алып барып, бир күн кечке жаткам. Баягы мени урган мент "10 миң бер, же болбосо депорт кылабыз" деп коркуткан. А мен болсо көкүрөгүмдүн кып-кызыл болуп кеткен жерин көргөзүп "сотко берем" деп кайра аны коркутам. Акыры бир тыйын бербей чыгып кеткем".
"Москванын менттери мени сүйөт, убактылуу кармоочу жайга алып барбаса да көп кармап, текшерип коёт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.