Өзгөндөгү көчкү жүргөн айылдын тургуну: "Көчкү алдында калгандардын көпчүлүгү жаш балдар"

Курманбек Сулайманов Өзгөн районунун Заргер айыл аймагына караштуу Аюу айылынын тургуну. Анын айтымында, жер көчкү жүргөн учурда көпчүлүк качып чыгууга үлгүрбөй калган.

"Жер көчкү эртең менен саат 06:55 чамасында жүрдү. 6 турак үйдө жашаган 24 адам качып чыгууга үлгүрбөй калышты. Алдын ала маалымат боюнча, көчкү алдында калгандардын 8и чоң адамдар, ал эми калгандары жаш балдар", - дейт Сулайманов.

Айта кетсек, бүгүн, 29-апрель күнү эртең менен Өзгөн районунун Заргер айыл аймагындагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, 7 турак жайды басып калган. Анын бирөөсүндө эч ким жашачу эмес, ал эми 6 турак үйдө адамдар жашаган. Алдын ала маалымат боюнча жер көчкү алдында 24 адамдын калганы айтылууда.

Өзгөндөгү Заргер айылындагы жер көчкү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kroxa
2017-04-29 18:10:14
Табияттын тартуусу бул да болсо кутулбогон кырсык кандай аянычтуу..
+1
Kroxa
2017-04-29 19:18:56
Жаш балдар периште бойдон учуп кете беришти го тируу калмак кайдан??
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан