Заргердин тургуну: "Жер көчкүнүн алдындагылар тирүү калгыдай эмес"

Бүгүн, 29-апрелде Өзгөн районунун Заргер айыл аймагындагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, 7 турак жайды басып калган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, жер көчкүнүн астында 24 адам калды. Жергиликтүү тургун Латип Абдуллаевдин үйү кырсык болгон жерден 2 чакырым алыстыкта болсо да, жердин көчкөнү ага чейин угулган.

"Эртең менен катуу дабыш чыкты, жер көчтү окшойт дедим, бирок мынчалык көлөмдүү деген ой келген жок. Төмөн жак бозоруп эле, чаң болуп калыптыр. Дароо ал жакка жөнөдүк. Учурда куткаруучулар менен үйлөр жайгашкан болжолдуу жерлерди казып жатабыз. Буга чейин бул аймактагы тургундарга көчүү тууралуу эскертүүлөр келип, ссудалар да берилген. Кыргызчылык да... Тургундар "ата-бабалардын жеринен кетпейбиз" деп жашап келишкен", - дейт Латип Абдуллаев.

Учурда жакындарын жоготкондор кырсык болгон жерге келип, аларды жоктошууда.

"Жер көчкү түшкөн аймактын четиндеги үйдө жашаган үй-бүлөнүн баласы качып чыкканга үлгүрүптүр. Апасы ал маалда үйдө эмес экен. Азыр келип, үйүн жер көчкү басканын көрүп, үй-бүлөсүн жоктоп ыйлап жатат. Жер көчкү кургагыраак экен, калың да болуп түшүптүр, анын алдында эч ким тирүү калгыдай эмес", - деди тургун.

Ошондой эле Латип Абдуллаев Заргер айылында мындан сырткары да жер көчүү коркунучу бар аймактар бар экенин айтып, бүгүнкү кырсыктан кийин ал жактагылар көчүп кетишет деген ойдо экенин билдирди.

Өзгөндөгү Заргер айылындагы жер көчкү
Заргердеги Аюу айылындагы жер көчкү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Aruwka.89
2017-04-29 13:08:32
Ссудалар берилиптир го эмне аракет кылышпайт ыя!!!эскерткенден кийин
+3
madina.87
2017-04-29 13:13:47
Жаратканым озун сакта!
Эмне эле заман болуп кетти.
+4
mr.ulan89
2017-04-29 13:20:13
Эми аман эсен таап алып чыкса кана .
+6
meni_kut
2017-04-29 14:06:01
центрде жалан озбектер жашайт,кыргыздар жалан тоодо,кооптуу жерде.Алар центрде интернет жакшы тарткан,иштегенге ылайыктуу жерлерди ээлеп алган...
+10
Kroxa
2017-04-29 18:07:59
meni_kut,ссуда алышыптыр эмнеге кочушкон эмес озумдуку корунбойт огуздуку саландайт болбой кочшпойт беле,озбектер жашаган центрда жашамаксынарда ссуданы туура пайдалансанар..
+1
FREELove
2017-04-29 19:46:03
meni_kut,Центрдеги озбектер илгертен эле ата-бабалары жашап келген, кыргыздар жакындан баштап совет доору болгондон бери тоодон ылдыйга карап отурукташкан. Тоодо интернеттин жоктугу бул дагы деле кыргызстандын артта экендигин айгинелейт.
-3
Eksvp_1
2017-04-29 14:12:59
duwman suiunoturgan iw boluptur exxxxx
-4
aikokul14
2017-04-29 14:19:22
Ссуданы алып,башка жакка иштетип адышып отура беришет да,кыргызым.
+5
Ernisbii
2017-04-29 14:27:33
Аллахым бөөдө кырсыктан сакта! Өтө оор кырсык болуптур!
+3
jonne
2017-04-29 15:09:02
Кайрат кыл кыргыз элим бунун барына адам баласы озубуз кунолубуз тал теректир барын кырып жок кылдык жаратлышка биз озубуз кош конул карап атабыз бак тигип жаныбарларбызды коргойлу кудайм бизди коргойт
+1
Samat1992SM
2017-04-29 15:49:52
Аябай кооптуу жерде жашашат экен.Сайдын ичинде бак-дарагы анча жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан