Өзгөндөгү Жалпак-Ташта кар жаап, чатырда жашагандардын абалы оор

Бүгүн, 30-апрелде Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылына кар жаап, жер көчүү коркунучунан коопсуз жайда чатырда жашаган айылдыктардын абалы оор болууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Венера Адыл кызы SUPER.KG порталына билдирди. Жааган кардын айынан элдердин чатырларынан суу өтүп, электр тогу жок болгондуктан, чатырдын ичи суук.

"Шамалдын соккон ылдамдыгы секундасына 12-15 метрге жетип жатат. Элдер чатырдын ичинде жууркандарга оронуп отурушат. Арабызда 6-класстын окуучусу бар. Кабар алганга айыл өкмөттөн башка эч ким келген жок. Туугандардыкына кетели десек, жол жок. Азыкты жөө барып алып келип жатабыз. Айылда кооптуу жайда үйлөрүндө жашап жаткандар бар. Ал эми чатырларда 100дөй адам жашап жатабыз", - дейт Венера Адыл кызы.

Ошондой эле көчкү жүрүп, 7 турак үйдү басып калган Заргер айыл аймагынын Аюу айылында да кар жааган.

Эскерте кетсек, 16-апрелде Жалпак-Ташта жер көчүп 5 үйдү басып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Firdaus-Muslim
2017-04-30 10:57:24
Кыргыз элими сыздаттыго Теңиримдин сыноосу. Оо,жараткан өзүң жардам бер.
0
Qnet
2017-04-30 11:06:51
Жол жок болсо вертолет менен эле барып баарын жуктоп алып келип эптеп бир жерге жайгаштырып турушпайбы!24адам олгону аз келгенсип,эми булар дагы тонуп олооорун карап отура береби бийликтегилер(((((((Журогум деле ооруп бутту
+7
dinar-87
2017-04-30 11:10:56
Ошолда уйбу оздору 1саат отуруп корсунчу жок дегенде контейнерлердм апарышпайбы кун суук болсо.
+7
suban78
2017-04-30 11:11:39
120 депутатты, министрлерди, жанындагы кошоматчы чоолорду баарын топтоп атып салбайлыбы кыргыздар. Андан кыргыз кемип калбайт. За то калганына сабак болот.
+12
suban78
2017-04-30 11:13:20
Депутаттар, министрлер ошол жерде тикесинен тик туруш керек мындайда. Президент озу барып элинин конулун которуш керек эле.
+6
jake91
2017-04-30 11:19:34
эх менин бордошторум Алла сабыр берсин Кудай буйруса бул кундо отот
+5
Salimboy
2017-04-30 11:31:43
АЛЛАХЫМ САКТАСЫН туугандар силерди откондордун жайы жанната болсун ылайым, жакындарына сабыр тилейбиз! Кана биздин тош какан байлар мультимиллионерлер акчанардан эч болбосо кичине берип жардам кылгыла наркы дуйного Соопда кереко ошондо чын элге куйгонунорду корот элек суйлоп элдин таламын талашып койуш любойунун колунан келет
+5
Aisuluu22
2017-04-30 12:07:24
Кундун жаманы кетет,адамдын жаманы кетбейт !Кыргыз элим .Ар бир пенде аман элэ болсо экен .
+3
nemo2016
2017-04-30 12:10:39
биз жаман коргон акаев бакиев да мынчалыкга барбайт,,,,,,
Мындан 15 жыл мурун Өзгөн районунда жер көчкү болгон. Ошол кездеги башчыбыз Аскар Акаев 4 сааттын ичинде кырсык болгон жерге жетип барган экен...
Бүгүнкү башчыбыз качан барат???
30минуталык Дача Сууга барбадыңыз бирок 45минуталык Өзгөнгө барып койсоңуз жакшы болмок Урматтуу Президент, өксүп турган кыргыз элинин көңүлүн сурап койсоңүз ата катары.
+10
Ulan2601
2017-04-30 12:16:49
Кыргызга кыйын болдуго
+3
messi_1987
2017-04-30 12:32:32
emo2016! турай айтты 1 кундо барып кайра 1 кундо кайтса деле болот самалет м.н барат келет. Туштук Тундук кылып болбой барына бирдей мамиле кылса жакшы болмок!
+3
maksatbekova
2017-04-30 13:34:35
Эшегине жараша тушагы дегендей эле ачкоздукту,эки жуздуулукту ,баш ийбегендикти карапайым элге бийлик тоболдору оздору уйротуп бутту. Аганы коруп ини осот болуп эч кимди эч ким укпай калды. Мага деле баары бир дебестен табигат кырсыктарын алдын айтып туура тушундуруп, аймактан элдерге кенеш берип кондуруп кочурсо болбойт беле калпты кайнатып отурбастан колунда бийлиги мансабы барлар.Ниетине жараша ырыскын деп ниети бузуктардын кесепети карапайымдарга тийип келет
+2
kamchatka
2017-04-30 13:43:19
Темир сариев деле келип кабар алып кетсе болмок сосуз эле шайлоонун алдынан келем дебей жардам берсин элге Адахан деген бар Озгондун жигитери!
+3
Ayida
2017-04-30 14:47:37
Президентке асылбагыла туугандар.Бул сыноо Аллахтан болуп жатат. Эгер билсек зына ачыка чыкканда кобойуп коомдо айылдарда ушундай балеелер башталат экен.
0
alina79
2017-04-30 14:57:46
Кыргыз элим башынан быйыл абдан чон кыйынчылыктарды откоруп жатат.Сиздерге кудайым сабыр берсин ,кайрат берсин!Эмне кылабыз башка тушкон ишти которобуз да,башка айла жок.Ушундай оксуп турган кезде,бийлик тоболдорубуз мандайынын сылап,конулун которуп койсо жакшы болмок.Кантип,Ошто канчалаган гостиница,гостевой домдор бар,ошол жака алып барып жайгаштырсын, чыгымын тоосун,убактынча болсо да.Деги чечилбеген маселе жок го!Жаны буткон уйлорго киргизип койсун! Ссудасын анан бере берет!
0
Izdeim_seni.
2017-04-30 17:44:46
alina79,президентке асылган эч Ким жок. Эл куйгонунон айтыпатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан