Бүгүн, 9-майда Нарын шаарында Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чара Нарын шаарынын "Тянь-Шань" сейил багындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырлардын элесине арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюу менен башталды. Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев мындан 68 жыл мурда кан кечип, согушта баатырдыктын өлчөөсүз үлгүсүн жаратып, ооруктун оор түйшүктөрүн көтөргөн ардагерлерди куттуктады. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Майрамкүл Тиленчиева да катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Андан соң ардагерлерге аскердик сый тамак берилди. Мындан тышкары күндүн экинчи жарымында "Кур-Терек" ат майданында улуттук ат оюндары өтмөкчү.