Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жакында ачылган көпүрөдөн өтүп, Кытайдын чек арасындагы Дандон шаарына барганын чет элдик булактар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, ал өз өлкөсүнөн Кытайга бүгүн, 24-октябрда Амноккан көпүрөсү аркылуу өткөн. Ким Чен Ынды Дандондон Кытайдын премьер-министри Ли Цян тосуп алганы айтылууда.
Айта кетсек, төрт тилкелүү, үч чакырым узундуктагы көпүрө Түндүк Кореянын Синыйжу шаарын Кытайдын Дандон шаары менен байланыштырат. Көпүрө 12 жылдык курулуштан кийин өткөн аптада ачылган.