Жоюлуп кеткен Финансы полициясынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча сынактан өткөнүн билдирди.
Ал соцтармактагы баракчасына сынактын жыйынтыгы чыкканын жазып, колдоо көрсөткөндөргө ыраазы экенин белгиледи.
Эске салсак, Жапыкеев 15-октябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн кыргыз тилинен сынак тапшырып, кулап калганын айткан. Ал "Кыргызтесттин" сынактан өткөрбөй коюшун шайлоо алдындагы бут тосуу катары сыпаттаган. 19-октябрда ал тынчтыкты бузууга айыпталып милицияга жеткирилгени маалым болгон. Жапыкеев себепсиз кармалып турганын, ал күнү тест тапшырмактыгын айтып чыккан. 21-октябрда ал кайрадан сынак тапшыруу үчүн "Кыргызтестке" барганын кабарлаган.