Биз социалдык тармакта

Ыйлап жиберди… Президент донор боло турган жаранга ырайым берет (видео)

Бүгүн, 24-октябрда президент Садыр Жапаров Аксы районунун тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда бөйрөк оорусунан жабыркаган жаран президентке кайрылып, донор болууга даяр болгон инисине ырайым берүүнү өтүндү.

Анын айтымында, иниси Орусияда камалып, кийин Кыргызстанга экстрадицияланган. Ал жети жылдан бери абакта отурат, дагы үч жыл жаза мөөнөтү калган.

Президент жарандын кайрылуусун угуп, инисине ырайым берерин билдирди. Ошондой эле тиешелүү кызматтарга аны бир айдын ичинде абактан бошотуу тапшырмасын берди.

Ыйлап жиберди…Президент донор боло турган жаранга ырайым берет
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан