Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Кытай маркетинг жана жарнама тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

Кыргыз тараптан документке Кыргыз маркетинг ассоциациясынын төрайымы Айдай Мокушева кол койду.

Кыргызстандан барган делегациянын курамында Ассоциациянын Координациялык кеңешинин мүчөлөрү Рузали Токмергенова, Нурай Бакасова, Бурулай Бектур кызы жана Наиль Хайбулин да болду.

Меморандумдун негизги максаты – Кыргызстан менен Кытайдын кесиптик жана ишкердик байланыштарын чыңдоо, маркетинг жана жарнама тармагын өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү.

Ага ылайык, тараптар кесиптик тажрыйба жана тармактык маалымат алмашып, жарнама кызматтары жаатында сооданын жана инвестициялардын өнүгүшүнө көмөктөшөт. Ошондой эле ишкердик сапарларды уюштуруп, биргелешкен конференцияларды, форумдарды, семинарларды жана көргөзмөлөрдү өткөрүшөт.

«Бул биз үчүн Кыргызстандагы маркетинг коомчулугунун эл аралык кесиптик чөйрөгө аралашуусуна өбөлгө түзгөн маанилүү кадам. Кытай санариптик маркетинг жана жарнама технологиялары өнүккөн алдыңкы рыноктордун бири. Биз кыргызстандык адистер менен компаниялардын алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүп, жаңы өнөктөштөрдү таап, эл аралык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышына кызыкдарбыз. Бирок биздин максат чет өлкөлүк мыкты тажрыйбаларды үйрөнүү менен эле чектелбейт. Кыргызстандын маркетинг тармагындагы тажрыйбасын да дүйнөгө таанытууну көздөйбүз», - деди Айдай Мокушева.

Бул меморандум Кыргыз маркетинг ассоциациясынын эл аралык байланыштарын өнүктүрүүдөгү жана чет өлкөлүк кесиптик уюмдар менен кызматташтыгын кеңейтүүдөгү кезектеги кадамы болду.

Жаңы өнөктөштүк биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга, кыргызстандык маркетологдордун кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана ата мекендик маркетинг тармагынын эл аралык деңгээлдеги ордун бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан