Кувейттик хирургдар Бишкекте бейтаптарга акысыз операция жасашууда

2017-жылдын 30-апрелинен 4-майына чейин Бишкекте Кувейттен келген дарыгерлер бейтаптарга операция жасашат. Бул тууралуу 1-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Акысыз операция жасоо үчүн Кыргыз жерине 32 жогорку квалификациялуу адистер келишкен: пластикалык хирургдар, жалпы хирургдар, реаниматологдор, анестезиологдор, ЛОР адистери жана башкалар.

Маалыматка таянсак, операция жасалуучу бейтаптардын тизмеси алдын ала даярдалган, операциялар Кыргыз врачтары менен биргеликте жасалат. Келишим боюнча Улуттук онкология борбору, Эне жана баланы коргоо борбору тандалган. Улуттук онкология борборунун директору Эрнис Тилеков: “Кечээ 7 оор операция жасалып, бардыгы ийгиликтүү аяктады. Операция жасоо иши бүгүн дагы уланууда. Чет элдик адистер керектүү жабдууларды ала келишкен”, - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
meni_kut
2017-05-01 18:16:32
Арабдар деп жаман корчулор эмне деп комментарий жазаар экен
+6
Nur_Iman
2017-05-01 21:27:21
meni_kut,Мындайда жок да алар,куйруктарын туйуп алып,билмексееееен абалда отурушат.
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-01 18:52:23
Озубуздун деле хирург сымалдар ушинтип бекер иш кылышпайбы акча деп эле олгонсунор
+6
ALIZEI
2017-05-02 09:41:30
Алла ыраазы болсун.Рахмат муктажтарга жардам бергенине.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан