Өз өлкөсүндө "чоӊ ата Гото" аталган Сапармен Содименжо (Saparman Sodimejo) Индонезиянын Ява аралында 146 жашында каза болду. Ал дүйнөдөгү эӊ кары адам деп эсептелгенин "BBC" кызматы жазып чыкты. Бирок мындай статус ага расмий берилген эмес.
Сапармен Содименжо 12-апрелде ден соолугу начарлап, ооруканага жеткирилген. 6 күн өткөн соӊ ал үйүнө жиберүүлөрүн талап кылган.
Готонун чыныгы жашын так аныктоо мүмкүн эмес болгон, себеби ал 1900-жылга чейин туулганы айтылат. Бул учурда Индонезияда төрөлгөндөрдүн саны өскөн. Бирок 2014-жылы алынган күбөлүккө ылайык, Гото 1870-жылы 31-декабрда туулганы айтылат.
Ал 4 аялы, 10 ага-эжелери жана бардык балдарынан узак өмүр сүргөн. Анын сөөгү 1-майда мындан бир нече жылдар мурун сатылып алынган көрүстөнгө коюлган.