Аюу айылынын тургуну: "Ата-энем, уулум, бир туугандарым жалпы 9 жакынымдан айрылып, кайгыга муунуп турам"

Өзгөндүн Аюу айылында 29-апрель күнү жер көчкү кырсыгы катталып, 24 адам жер алдында калды. Алардын ичинен 9 адам жергиликтүү тургун Шернияз Разабаевдин жакын туугандары. Жер көчкүнүн алдында калып жакын адамдарын жоготкон Разабаев бүгүн, 2-майда SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

"Мен бүгүн дүйнөдө жалгыз калгандай кайгыга муунуп калдым. Атам менен апамды жоготтум. Бир тууган агам менен жеңемден айрылдым. Алардын эки кызы кошо көз жумду. Бир тууган карындашым менен баласы кайтыш болду. Ошондой эле 11-класста окуган уулумдан айрылдым. Агамдын артында жалгыз уулу калды. Ал Орусияда иштеп жүргөн. Кырсык болгондун эртеси күнү келди. Жер алдында калгандарды дагы издеп, болгон күч аракетти жумшашса дээр элем. Такыр эле табылбай калса анда айла жок жаназасын окуп, мүрзө кылып калтырууга макулмун", - деп билдирди Разабаев.

Маалыматка ылайык, каарманыбыздын маркум агасынын балдарынын бири 2 жаш, экинчиси 6-класстын окуучусу болгон. Бул күнү анын бир туугандары атасынын абалын сурап келишкен. Кырсык болордун алдында туугандар чогулуп эртең мененки чайды ичип олтурушкан.

"Атамдын 8 бодо малы жер алдында калды. Анысына кайгырган жокмун. Байлык, тамак-аш табылат. Жакындарымды бир учурда жоготуп, дүйнөм аңтарылып турат. Азыр да өзүмө келе албай башым туман болуп жөн эле ары-бери басып жүрөм. Буга чейин агамдын эки кызынын жансыз денеси табылды", - деп көзүнө жаш алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
janat.kg
2017-05-02 13:04:44
Кана техниканын баары. Терендиги 10 метр келген жерди адам колу менен каза албайт. Балгим ичиндеги адамдар жанында турган шкаф стол же андан башкада нерселердин ичине кирип тируу калган болсочу.
+16
nurka85
2017-05-02 13:26:18
Мини экскаватор менен казышса иш тездемек. Этияттап алышса балким сооктор табылаар эле. Шейит кеткендерге эки метр ак менен акыркы суу буюрбаганы окундурот. Бир уйдон 9адам жоготуп, аларды эл катары жерге жашыра албай, Арманда отушот го жакындары. Сабыр, сабыр, сабыр бир тууганым. Жайлары жаннаттан болсун.
+6
baltabai
2017-05-02 13:30:08
Jatkan jeri jailuu bolsun
Kudai saktasyn kyrsyktan
+3
Sema87
2017-05-02 13:35:00
Эмне себептен кочот турган эле жерлер
-3
Kroxa
2017-05-02 13:45:58
Казып чыгарышса болмок..коксоосу сууп кепиндеп комсо болмок да..
+1
beru
2017-05-02 13:55:26
Жайлары жаннаттан болсун, жараткан Аллах сизге куч кубат, сабыр берсин. Табылып калышсын эми калгандары
+4
Gulzat-88
2017-05-02 13:58:23
Кудай жайларын Жаннаттан берсин.
+1
mr.sher
2017-05-02 14:02:19
Аллахым сабыр берсин.
0
akyn
2017-05-02 14:04:18
сабыр кылыныздар жараткандын буйругу экен! мамлекетке соз жок, ооздору менен орок оргондон башканы билишпейт! (((
+3
gulmira12345
2017-05-02 14:09:36
жердин алдындагы канча тонналаган алтынды казып атасынар жерди омкоруп кылым бою жаткан монгулорду антарып анан неге
+13
arzygulR
2017-05-02 14:09:57
Жайлары жанаттан болсун
+1
gulmira12345
2017-05-02 14:10:20
200 куб топуракты антарып 20 адамдын денесин алалбайсынар
+3
Bayjigit83
2017-05-02 14:17:54
gulmira12345,200 болсо аз эле болмок,200 мин куб метрдин тегерегинде бул жерде.
-2
Assist
2017-05-02 14:54:56
Кайрат кылыныз, Кыргыз эли бар сиздин арканызда
+1
nuridindosmatov
2017-05-02 16:16:41
Бул уйдо баары чай ичип олтурушса 2 кыз ошол уйдон табылса,ошол эле жердин айланасында болотко калгандары......табыш керек болчу!!!
+3
tolik_t
2017-05-02 21:42:50
Жайлары жаннаттан болсун. Кудайым туугандарына сабыр берсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан