ЭЛДИК ВИДЕО: Кыргызда кулчулукта 16 жыл кармалган деген орус жараны боюнча изилдөө улантылды

"Элдик видео" бөлүмүнө "Кулчулукта 16 жыл кармалган деген орус жараны боюнча изилдөө улантылды" деген видео жүктөлдү (ник: Be_a_hero).

Ушул жылдын март айында орусиялык "Жди меня" телеберүүсүндө Сергей Черненький аттуу Орусиянын жараны Талас облусундагы Орто-Арык айылында кулчулукта 16 жыл жашаганы, ал эми анын "ээси" катары Соорбек Мамбеталиев аттуу жаран айтылган. Телеберүүнүн журналисттери Кыргыз өлкөсүнө чейин келип, Сергей Черненький менен байланышып, аны түн ичинде айылдын четинен күтүп алышканы көрсөтүлгөн. Каарман аны кулчулукта кармап, мал бактырганын айткан.

Ал эми кийинчерээк кыргыз журналисттери окуянын экинчи тарабын ачышып, "Биринчи каналдын" журналисттери чындыкка коошпогон материалдарды жарыялаганын ачыкташкан.

Ал эми кезектеги элдик видеодо аталган окуянын изилдөөсү улантылганы көрсөтүлөт. "Кул ээси" делген Соорбек Мамбеталиевдин коӊшусу, учурда Орусиянын жараны Нурадиль Абдиев видеодо өзү жашаган Краснокаменск шаарында Черненькийдин аялы, кыздары бар экенин, аларга жолугуу үчүн 2008-жылы барганын айтат. "Мен барганда кыздары атасына барууну каалашкан эле, бирок аялы "Черненький биз үчүн өлгөн" деп койгон", - дейт Абдиев.

Ошондой эле Бишкектеги чачтарачканага "Жди меня" көрсөтүүсүнүн журналисттери Сергей менен келип, салондун кызматкерлерине аны эфирден көрсөтөрүн айтышкан. "Сергей кулчулук жөнүндө кеп козгогон эмес. Салондо тартылган эфирди кийин көрсөк, баары өзгөрүп, окуя Таласта болгондой болуптур. Чынында, Сергей Панфиловдон болорун айткан. Орус журналисттери андан ар кайсыны сурап жатканы бизге жасалмадай көрүндү. Алар "сиз кулчулукта болдуӊузбу?" деп сурашса, ал "жок, мен болгону бир үй-бүлөнүн үйүндө жашадым" деп айткан", - деп билдирген салондун кызматкери.

Биринчи каналдын журналисттери айткан "кулчулук баяны" менен Сергейдин айткандары да окшогон эмес. Ал эркин жүргөнүн, уюлдук аппарат колдонгонун айтат.

Анда эмне үчүн популярдуу телеканал анын окуясын криминалдаштырып бергени түшүнүксүз бойдон калганы айтылат видеодо.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shekeev969798
2017-05-02 15:20:11
Биз жакта дагы бар эки орус кыргыздардын малын карайт
+3
Shekeev969798
2017-05-02 15:21:01
айылдагы орустар кор эле
+5
bermet104
2017-05-02 17:40:57
Журналист кыз тиги депутат эжебиз айткандай "Американы ачкандай" сенсация кылгысы келип, ошентип кооздоп койгон да... Ошол "Жди меня" берүүсүндөгү репортажды көрсөң тим эле күлкүң келет. Түн ичинде тосуп алып, тим эле камактан качырып чыккандай. Актерлук жөндөмдүүлүгү жогору экен
+4
Barchynbek
2017-05-03 04:10:36
Бизге барган орустар наша бар жерде жашоо бар экен деп журоберишет.бул илгертен эле бар.наркамандар Кыргызстанга жөн келип калышпайт.эмне россиядан саздагы чопторду чекмек беле.Кыргызстандан коргон орусту карасан баары эле наша чегет.жашоо кыргызстанда экенда деп кетпей журоберишет убакытын откозушуп ХХХ алыып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан