Өзгөндө көчкүдө калгандарга шашылыш окулган жаназа боюнча дин ишмери өз оюн айтты

Өзгөн районунун Аюу айылында көчкүдө калгандарга шашылыш окулган жаназа боюнча Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев жооп берди.

“Мусулман адамы болгондон кийин маркумду жаназа окуп аркы дүйнөгө узатышыбыз керек. Эми түрлүү кырсыктар болуп калганда сөөктү жууп, кепиндөөгө мүмкүнчүлүк болбосо да, сөзсүз аларга арнап жаназа түшүрүш керек. Адам жаны чыккандан кийин 2-3 күндүн ичинде денеси шишип баштайт, жаназаны болсо ага чейин окуп калбаса кийин түшпөйт. Биз ошол мусулманчылык милдетибизди аткардык бүгүн”, - деди Ибраев.

“Эгерде изделип жаткан жансыз денелер жаназадан кийин чыгып калса, туугандары аны каалаган жайына алып барып жаназа окубай эле көмүп койсо боло берет. Жаназа окулуп калса эле сөөктөрдү издөө иштери токтоп калат деп ойлобош керек. Мүмкүн дале болсо топурак астында тирүүлөрү бардыр”, - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Өзгөндө 200 миң куб метр жер көчкү түшүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан. Азыркы убакытка чейин 3 адамдын жансыз денелери табылган. Бүгүн, 2-майда саат 15:00дө Өзгөн районуна караштуу Аюу айылында жер көчкүдөн набыт болгондорго жаназа окулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
birtanem
2017-05-02 18:47:01
Аллах баарын бейишин .,берип,кабыр азабынан , тозок отунан сактасын. Бейишин берсин (Амин)
+17
Samandar
2017-05-02 18:58:04
Эх жаман иш болдуда билгизбей жургон менен канча сабырдуу бололу десек да ичибизден куйут кучоп чок болуп жанып турат , бейишин берсин бир туугандардын
+11
suban78
2017-05-02 19:06:47
Бейиштин торунон орун бер Кудайым,
+10
melashka
2017-05-02 20:09:09
Жайлары жаннат болсун! Калгандары табылып калсын Аллах.
+4
Kroxa
2017-05-03 07:38:56
Жаназасын окуп койсо деле казып таап кепиндеп комушсун мусулманча..согуш маалы беле калтырып салгыдай..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан