Заргер айыл аймагынын башчысы: "Аюу айылында көчкү алдында калгандарды издөө иштери токтотулду"

Аюу айылында жер алдында калгандарды издөө, түшкөн жер көчкүнү казуу иштери токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда SUPER.KG порталына Заргер айыл аймагынын башчысы Динмухаммед Бокошов билдирди.

"Аюу айылындагы жер көчкүнүн алдында калган адамдардын сөөгүн издөө иштери токтотулду. Бирок ошол эле учурда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү табылып калар деген үмүт менен, суранычтардан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынан бир нече адам казуу иштерин жүргүзүп жатышат", - деп билдирди Бокошев.

Эске салсак, буга чейин жакындарын жоготкон жергиликтүү тургундар маркумдарга жаназа окулгандан кийин "Бир туугандарыбызды кепиндеп көмө албай калабызбы" деген өкүнүчтөрүн айтышкан. Ал эми аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев "Жаназа окулуп калса эле сөөктөрдү издөө иштери токтоп калат деп ойлобош керек. Мүмкүн дале болсо топурак астында тирүүлөрү бардыр" деп билдирген.

Белгилүү болгондой, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Өзгөндө 200 миң куб метр жер көчкү түшүп, 7 турак үйдү басып калган. Жыйынтыгында 24 жаран көчкү алдында калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kroxa
2017-05-03 18:00:19
Токтотуп салганы туура эмес го конулдарында тируу жан бар болсо убал го...
+4
aipo89
2017-05-03 18:13:56
Негизи экрандын бери жагынан отуруп жаза беребиз,ал жерде кырдаал кандай экенин корбой.Бирок,оз жарандарын олсо да кайдыгер караганы окундурот.Азыркы техника жетишкен маалда казуу иштери ушунчалык кыйын болсо мамлекет учун уят иш.Ажалдары жер кочкудон экен,жайлары жаннаттан болсун!
+3
betatek-2011
2017-05-03 18:20:19
Казган балдар силерге Алла ыраазы болсун!!!канча кундонбери колменен тырмалап жатасынар...
+7
end
2017-05-03 18:25:23
Кантип ушундай болсун. Эч бир мамлекетте мындай чечим кабыл алынбайт. Издеп таап жууп тазалап ак кепинге ороп комуш керек болчу. Эмне эми жер кочку тушкон жердин баарын мазарга айландырабыз деп закон иштеп чыгышабы. Уят эле((((
+6
chyrok
2017-05-03 19:27:41
Издесе жакшы болмок.Жонокой кишилер да бир депутаттын тууганы болгондо эчак издеп табышмак
0
KGstan1981
2017-05-03 19:45:22
Ылайым Кой-Таштагы хан сарайды дагын кочку басып кетсин Оомийн.Коробуз анан аба ырайыга карабай кирпичине чейин терип чыксанар керек уяты жок атка минерлер.
+1
jengoo
2017-05-03 21:08:26
Лопаткадан башка эчтеке жокпу казганы.
0
zhumagul89
2017-05-03 22:15:24
Токтотбош керек эле кайра адам кобойтушбойбу убакыт откорушбой.убалдары кимге тийет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан