Аюу айылындагы жер көчкүнүн астынан 2000-жылкы баланын жансыз денеси табылды

3-майда саат 18:10до Заргер айыл аймагынын Аюу айылындагы жер көчкүнүн астынан 2000-жылкы бир баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Болжолдуу тизмеге ылайык, ал Хуршидбек Назирбаев болушу мүмкүн. Жалпысынан 8 жансыз денелер табылды.

Белгилей кетсек, 29-апрелде жер көчкү астында 24 адам калган.

Табылгандардын болжолдуу тизмеси:

2005-жылы туулган Адина Маманова;
2015-жылы туулган Мадина Хабибилаева;
1997-жылы туулган Гүлайым Назирбаева;
1978-жылы туулган Икрамжан Коргонбаев;
2013-жылы туулган Алмазбек Назирбаев;
2003-жылы туулган Азиза Назирбаева;
2007-жылы туулган Умида Назирбаева;
2000-жылы туулган Хуршидбек Назирбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tatynam_88
2017-05-04 08:02:50
Чырактай балдар....периштелер...бир жылт этип очкон шам чырактар...жайынар Жаннаттан болсун
+10
madina.87
2017-05-04 08:24:19
Мына зерикпей издешсе табышат!
Мурзо кылып тособуз деп олгондун устуно комгон кылып ,жакындарын сыздатпай баарын таап бергиле эми.

Бейишин берсин Аллахым!
Жаткан жерлери жайлуу,топурагы торко болсун!
+2
Kroxa
2017-05-04 08:43:27
Табылып калсын ылайым мындайды бербесин жакындары кантип уктайт таштап салса...жайына берип тынч уктайлы жок дегенде деп ыйлап атышат..
+5
Soni130587
2017-05-04 09:35:19
Табылып калсын жаткан жерлери жайлуу болсун
+2
Nazikbaigazy
2017-05-04 09:40:09
Ошондо издоо иштери уланып жатабы? Кече эле жаназасын окуп койдунар элего ойлогом эми издешпейт деп
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан