Өзгөн районунда жүргөн жер көчкү жылып отуруп социалдык объектилерге жакындап калды

Өзгөн районунда жүргөн жер көчкү жылып отуруп социалдык объектилерге жакындап калды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган райондун Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү акырындык менен жылып отуруп социалдык объектилерге жакындап калды. Буга байланыштуу 163 куткаруучу жана Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынан 100 жоокер тартылып, 1 мектептин, 1 бала бакчанын, 1 ФАПтын жана 1 мечиттин материалдарын коопсуз жайга чыгаруу иштери жүрүүдө.

Акырындык менен жылып келе жаткан жер көчкү жалпысынан 30 турак үйдү жана 35 электр мамысын басып калды. Ошондой эле Шор-Суу суусун бөгөп, суу топтолууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
izdeim_seni
2017-05-06 08:10:37
Аллахым айттырбай келген зилзалалардан өзүң сакта!Сен улуксуң!Сен ыйыксың!Сен мээримдүүсүң!
+36
bond02
2017-05-06 09:04:48
Курулушка кеткен кайран акчалар, башында ойлонуп жакшылап текшеришпейби жер кыртышын адистер, эми кимге зыян.
+4
Nargiza1987k
2017-05-06 09:05:04
Баарыбызды АЛЛАХЫМ паанасында сактасын абай болгулачы туугандар
+3
raykray
2017-05-06 09:45:06
Аллахым озу сактасын жылып жакындап кайда баратат,(((
+2
bars_wire
2017-05-06 10:52:57
Эртереек кыймылдап кочурушсо болмокда.тоокко окшоп какылдашпай.Карапайым эл оз кучтору менен кочуп жатат.МЧС уктааа.дагы канча уктааар экенсинер?
+3
mirkaa5182
2017-05-06 11:56:31
Жаңы эле салынган имараттар окшойт...
+1
Mers124
2017-05-06 12:36:39
Мектепти салып атканда карап салбайт беле. Мчстен уруксаат алып салынды да
-1
omurbek1990
2017-05-06 17:31:52
Соголе бере турган акылдуулар барда ушу сайтта. Отуруп алып жаман катындардай кылып суйлотуп эле койсо. Чын чынына келсе колдорунан ... келбейт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан