Белгилүү врач-нарколог, медицина илимдеринин доктору, профессор Жеңишбек Назаралиев бүгүн, 8-майда 56 жашка толду. Ал Кемин районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.
1991-жылдары мамлекеттик эмес атайын наркология боюнча дарылоо борборун ачкан. Назаралиев илимий негизинде дарылоонун эң жогорку технологиясын иштеп чыккан жана анын дарылоо методу Ден соолуктун Улуттук Институтунда (Вашингтон) жана Нью-Йорк Университетинин окумуштуулары тарабынан жактырылган. Анын изилдөөлөрү 62 илимий эмгектеринде жактырылган. Ал 12 патент жана рационализатордук сунуштардын автору. Анын наркология боюнча актуалдуу изилдөөлөрү 20дан ашык дүйнөнүн өлкөлөрүндөгү конгресстерде, симпозиумдарда жана конференцияларда көрсөтүлгөн. Доктор Назаралиев Жер шарынын бардык континенттеринде болуп, наркомания жана наркобизнеске каршы күрөштөгү алардын оң тажрыйбалары менен таанышкан.
8-майдын жылнаамасы.