ӨКМнын өкүлү тынымсыз суу жээктерин бекемдөө менен, Сузак, Ырыс айыл аймактарын суу каптоодон сактап калышканын айтып чыкты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси Абдишарип Бекилов жаан жаап, суу кечкен оор күндөрдү өткөргөнүн айтып чыкты. Ал мындай билдирүүнү социалдык түйүндөгү жеке баракчасына жазып калтырган.

"Өтө оор учур артта калды. 17-апрелден 19-апрелге чейин үч сутка бою бутубуздан өтүгүбүздү чечпей жүрдүк. Моюнубуздан шорголоп аккан жамгырга карабай, Көк-Арт, Кара-Үңкүр дарыяларынын жээгинде суу ташкынын алдын алып, чуркап жүрүп таңдын атканын, күндүн батканын билбей калдык. Тынымсыз суу жээктерин бекемдөө менен, Сузак жана Ырыс айыл аймактарын суу каптоолордон сактап калдык", - деп билдирген Бекилов.

ӨКМнын өкүлүнүн мындай билдирүүсү үчүн айрымдар мактоо сөзүн айтса, дагы башкалар сындап чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан