Тажик спортчуларына сакал коюуга тыюу салынат

Тажикстандын Жаштар иштери, спорт жана туризм комитети спортчулардын Этикалык кодексин иштеп чыкты. Ага ылайык, спортчулар сакал койбошу, чачын жана тырмагын өстүрбөшү керек болот. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, аталган кодекс тазалыкты жана гигиенаны сактоо, ошондой эле узун чач жана сакал аркылуу түрдүү оорулардын жугушун алдын алуу максатында кабыл алынды.

Кодекстин долбоору адистердин сунуштарын эске алуу менен кайра дагы толукталмакчы.

"Спортчулардын этикалык кодексин иштеп чыгуу маселеси марттын аягында өткөн күрөш боюнча мелдештеги окуядан кийин көтөрүлгөн. Анда балбандардын бири адепсиз жүрүш-турушу үчүн улуттук күрөш боюнча өлкө ичиндеги мелдештерге катышуу укугунан эки жылга ажыратылган. Андан сырткары бир нече жыл мурда "Хайра" клубунун футболчусу Парвиз Турсунов узун сакалы үчүн өлкө чемпионатынын алкагындагы оюндарга катыштырылган эмес. Бул тажик коомчулугунда кызуу талкууларды жараткан болчу", - деп жазышат басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
altyn7776
2017-05-08 09:50:33
Туура чечим! Биздечи?! "Кайда баратабыз" деген боюнча эч кандай иш-аракет жок, кочого сакалчандар толгондон толуп баратат...
-5
Adil706070
2017-05-08 10:34:54
altyn7776,Сакалга асылбай эле озундун тиричилигинди кыла бербейсинби,сен жууп,же тарап берип кыйналып жатасынбы,
же сакалы сенин бутуна чалынып баса албай кыйналып жатпагандан кийин .ар кимдин оз эрки сакал койобу,койбойбу ойлонуп суйлош керек
0
ABDulHai
2017-05-08 10:43:59
altyn7776,Сага окшогон сүннөткө каршылар көбөйгөн сайын өлкөмдө тынчтык жок жер титирөө,жер көчкү тооба...Гейлерди айтсаң болот көбөйүп баратат не кылабыз?- деп
+7
nurru
2017-05-08 11:59:16
altyn7776,сакал сага тоскоол болуп атабы жолдо жургонуно
-2
Adil706070
2017-05-08 10:37:49
Тажикстанда ушинтип Аллахтын окумуно каршы тыюу салына берсе акыры жакшы жол менен бутпойт.
Коруп жатасынар жер титиреп эмне болуп жатканын .Аллахтын окумуно каршы чыккан коом эзели жыргаган эмес.
+3
Martial-MU
2017-05-08 11:12:10
Бизде деле мамлекеттик жумушта,негизи мамлекеттин атынан сүйлөгөн адамдарга сакал коюууга тыюуу салса болот,калганыга коё берсе зыяны деле жок.
0
Erlan_95
2017-05-08 11:38:39
Martial-MU,кыргызды сакалдуу адамдап багкарганын унутуп каласынарда Ормон хан .Шабдан баатыр.Алымбек датка.
+2
matilla
2017-05-08 12:08:22
Эркек сакал коет, ХХХ албетте каршы болот сакалга.
0
bond02
2017-05-08 13:32:02
Сакал габарит болгон окшойт Тажикстанда. Бирок туура эле чечим атаандашына ынгайсыздык жаратат го дейм сакал.
-2
matilla
2017-05-08 14:00:24
ХХХ ыңгайсыздык жаратат.
0
admin_superstan
2017-05-08 16:26:15
ABDulHai, Adil706070, meni_kut, жеке айтышууларга жол берилбейт, ал үчүн купуя бар. Эскертүү!
+3
admin_superstan
2017-05-08 16:27:10
Patriot7, этика нормаларын, эрежени сактаңыз. Эскертүү!
-2
Best.bakyt
2017-05-08 18:48:59
Туура чечим чыгарышыптыр. Мына Тажикстанда да закон иштейт. Акыры бизде качан иштээр экен закон.
+3
altyn7776
2017-05-08 20:13:26
Эмне орто кылымда жашап жатасынарбы сакал коюп?! Безге сайгандай секиресинер да. Ал убакта устара, бритва деген жок эле, журо бергиле сакалынарга чалынып
+4
Barchynbek
2017-05-08 21:55:03
Ак сакалчан мурутчан.кыргыздын кыздарын куруткан.кыздар тапкылачы сакалы жок кыргыз улуттан.ха ха ха
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан