Өзбекстанда соңку айда 30дан ашуун мамлекеттик жетекчилер жумуштан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
Кызматтан алынгандардын катарында шаар башчылары, район акимдери бар. Жетекчилерге жергиликтүү элдин үнүн, арызданууларын карабагандан улам чара колдонулган. Буга чейин жыйын учурунда акимдерге көрсөтмөлөр берилип, эгер алар элдин үнүн укпаса жумуштан алынары эскертилген. Мындан улам райондук администрациялар элдин көйгөйүн кылдат иликтеп, маселелерди оң жагына чечип берүүлөрү керек.
2017-жылдын жыл башында жергиликтүү администрацияларда коомдук кабылдамалар түзүлүп иштей баштаган. Бирок бүгүнкү күндө арыздануулардын дээрлик 70-80 пайызы каралбайт деп айтылат маалыматта.