9-Май - Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге жылына бир жолу берилүүчү 15 миң сомдон акчалай жардам берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге жылына бир жолу берилүүчү 15 миң сомдон акчалай жардам берилди. Министрликтин райондук жана шаардык бөлүмдөрүнө жалпы 42 миллион 900 миң сом которулду. Мындан тышкары аларга ай сайын жеңилдиктердин ордуна деп 7 миң сом, президенттин атынан 10 миң сомдон берилет.
Бүгүнкү күндө Кыргызда согуштун 640 ардагерлери жашайт. Алардын пенсиясынын орточо өлчөмү 7 миң сом", - деп айтылат маалыматта.