"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: ӨКМ: “Токтогулдагы Толук айылында жашоо кооптуу экендиги жергиликтүү тургундарга эскертилген”

Токтогул районундагы Толук айылында жашоо кооптуу экендиги жергиликтүү тургундарга эскертилген. Мындай маалыматты бүгүн, 9-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG`ге кабарлады. Ага ылайык, ӨКМ кооптуу жерлерди текшерип, эскертүү берилгенин, бирок кооптуу аймакта жашаган тургундарды көчүрүү иштерин жана башка жаралган маселелерди жергиликтүү бийлик чечерин билдирди.

Токтогул районунун Толук айылында жер көчкү түшүүсү мүмкүн экенин биздин адистер жергиликтүү тургундарга эскертишкен. Жалал-Абад облусу боюнча баш-аягы 500дөн ашуун кооптуу жерлер болсо, Толук айылы да алардын катарына кирет. Ал эми эскертүүлөр берилген жерде жашап жаткан элди жергиликтүү бийлик көчүрүп чыгуусу керек. Алар эмнеге дагы деле ал жерден көчпөгөндүгүн жергиликтүү бийликтен сурасаңыздар так жооп ала аласыздар”, - дешти ӨКМдан.

Эскерте кетсек бүгүн, 9-майда окурман SUPER.KG`ге Токтогул районунун Толук айылында жер көчкү коркунучу күтүлүп жатканын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurkyz1977
2017-05-09 19:17:27
Окм эмне элди басып калгандан кийин курогун чатырын алып барып касканга эле керекпи? Жергиликтуу бийлик оз чонтогунон каржыламак беле? Бири биринерге шылтабай чогуу иш алып барсанар боло. Элге убактылуу жашай турган мумкунчулук тузуп берип анан пайызсыз кридит берип койсонор карапайым калк оз камын оздору эле кылмак,ошону да кылбай окмот бюджеттен акча болбой отура берсенер ансыз да кыйналган элди туготуп бутосунорго.
+1
Kroxa
2017-05-10 01:13:19
Nurkyz1977,кочку басып калгандан кийинказып чыгара да албаган окмоттун кимге кереги бар??
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан