"Ош базарындагы “Кыялдын” 1-кабатында алтын сатылууда, ал алтынбы бир Кудай билет”, - деди “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 10-майда парламенттик жыйында.
Анын айтымында, “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору мамлекеттик органдардын алсыздыгын көрсөтүп жатат.
"Анткени зергер базарында 80 пайыз мыйзам бузуулар болгон. Ошондо бул 80 пайыз көмүскө экономика болушу мүмкүн. Экономика министрлигинин орун басары Баккелди Түмөнбаев өткөндө ушул боюнча айтып коюп, "туура эмес маалымат берди" деп ага сөгүш жарыяланды. Мына Ош базарында, "ЦУМда" алтындар сатылып жатат. Алардын сапаты текшерилиши керек. Парламентте өкмөттүк саат уюштуруп бул маселени карап чыгуу зарыл. Ишкерлердин жоопкерчилигин карабай, 80 пайыз мыйзам бузууларга жол берген Бажы кызматынын, Транспорт жана жол министрлигин, күч органдарынын жоопкерчилигин караш керек. Экономикалык шарттарды бузуп, башкаларга түзүп берип жатышат", - деди ал.
Жогорку Кеӊештин спикери Чыныбай Турсунбеков үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында Кыргыз жерине алтын буюмдарынын 88 пайызы аткезчилик менен киргизилгенин, бул көйгөйдү өкмөт 15 жылдан бери чече албай жатканын айтып сындады.