Аксы районунун Өлөң-Булак айылында жер көчтү

Аксы районунун Өлөң-Булак айылында жер көчкү түшүп, турак жайларга кооптуу абал жаралды. Мындай маалыматты бүгүн, 10-майда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аксы райондук бөлүмүнүн башкы адиси Данияр Бекболотов билдирди.

"Өлөң-Булак айылында жер көчкү түшүү коркунучу жаралган аймактагы жашоочуларга буга чейин эскертүү берилген. Бирок жергиликтүү жашоочулар көчпөй коюшкан. 9-май күнү таңга маал түшкөн жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 4500 кубга жеткен. Турак жайлар менен көчкүнүн аралыгы 100 метр аралыкта болуп зыян келген эмес. Жергиликтүү элди жакын туугандарынын үйлөрүнө көчүрүү боюнча Кашка-Суу айыл аймагынын башчысына акт түзүлүп берилген", - деп билдирди Бекболотов.

Маалыматка ылайык, жер көчкү коркунучу 7-8 үйгө кооптуу болгон.

Эске салсак, буга чейин аталган айылда жер көчүү коркунучу жаралып ата-энелер мектепке балдарын жиберүүдөн кооптонуп жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gul3ina
2017-05-11 11:17:19
Коч дегенди угуп калышпайт экен го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан