Бишкекте Улуу Жеңиш майрамын белгилөөдө тартип бузуу катталган жок. Мындай маалыматты бүгүн, 10-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаадагы өткөрүлгөн 9-Май майрамында 3 миңден ашуун тартип сакчылары коомдук коопсуздукту камсыздоого чыгышкан.
"Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы майрамына карата өткөн “Өлбөс полк” акциясында ошондой эле “Аккула” ат майданындагы “Көк-Бөрү” жана "Ала-Тоо" аянтында жана шаардын көчөлөрүндө өткөн майрамда эч кандай тартип бузуулар болгон жок", - деп билдирди басма сөз кызматы.