Бүгүн, 10-майда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков иш сапарында Чүй районундагы Арпа-Тектир айылындагы жер титирөөнүн кесепеттери жана Жаңы-Жол айылындагы Бурана дарыясындагы тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымдагандай, мөңгүлөрдүн эрүүсү менен Бурана дарыясынын көлөмү көбөйүүдө, суунун деңгээлинин көтөрүлүүсүнө улам 3000 гектар айдоо жерин суу каптоо жана ал жерде жайгашкан каналга күч келүүдө. Ошондой эле ал 2017-жылдын башынан тартып Бурана дарыясында төрт ирет тазалоо иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев азыркы учурда тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери менен биргеликте кырдаалга мониторинг жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков тийиштүү министрликтер менен мекемелер Бурана дарыясына бассейндеги суунун суткалык топтолуусун жөнгө салган, 200 миң метр куб көлөмүндө селден сактоочу жай куруу боюнча сунушту киргизүүнү жана кароону тапшырды. Ал белгилегендей, дарыяда тазалоо иштеринин мезгил-мезгили менен жүргүзүлүшү жакынкы аймактарда суу ташкындоосунун ыктымалдыгын азайтат.
Аны менен бирге өкмөт башчы күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдар тууралуу жергиликтүү калкка эскертүү боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.
Ошондой эле премьер-министр жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган мектептин абалы менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиеванын айтымында, 21-апрелде орун алган жер титирөөнүн кесепетинен жергиликтүү орто мектептин актылык залынын дубалдарында жарака кеткен.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган мектепти үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетинин капиталдык салымдар беренесине кошууну жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жер титирөөнүн жыйынтыгында жабыркаган турак үйлөрдү дыкат иликтеп чыгып, келтирилген чыгашанын категориясын аныктоону тапшырды.
Өкмөт башчы жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда дагы бир ирет турак үйлөрдү өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу зарылдыгын эскертти.