Бишкекте жаратылыш коюнунда эркин китепканалар пайда болду (фото)

Бишкектеги Эркиндик бульварында чакан китеп салынуучу жайлар пайда болду. Бул долбоордун авторлорунун бири Атай Самыйбек уулунун айтымында, борбор калаада мындай китепканалардын саны 12ге жетет. Шаар тургундары алардын ичине китептерди салып, окугусу келгендер аны алып кетишет.

"Бул идеяны былтыр демилгелеп чыкканбыз. Ал мэрия тарабынан колдоого алынып, дизайнерлер менен иштешип, оюбузду ишке ашырдык. Максатыбыз - элибизди китеп окууга чакырып, алардын бири-бири менен китеп алмашуусуна, баарлашуусуна, шаар маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү", - деди активист.

Китепканаларда каттар үчүн дагы орун бар. Ага шаар тургундары туулган жерине болгон каалоо-тилектерин, ырын же арманын жазып, тарткан сүрөттөрүн салып койсо болот. Долбоордун өкүлдөрү аларды социалдык тармактагы баракчалары аркылуу жарыялап турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tansuluu09
2017-05-10 17:54:32
Жакшы жанылык. Китертерди жыртып, орттобой ошол Жака койсо , керек бироо алып окуйт.
+6
Luna15
2017-05-10 20:48:05
абдан соонун идея,аламдарды маданияттуулукка чакыра турнан иш кылыпсыздар,акыркы кундору митингден башы бошобой калды эле элдин
+1
Luna15
2017-05-10 20:48:36
адамдарды дейин дегем л жазылып калыптыр
0
Avangard
2017-05-11 01:42:21
Мына сага эң сонун демилге!!! Китеп окуугандар көбөйсүн!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан