Патрулдук милиция жеке унаасы менен туруп алып унааларды тосуп жатканын окурман "Элдик кабарга" кабарлаган эле. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2016-жылдын 8-апрелинде чыккан №370-буйругунун 86-пуктуна ылайык, Патрулдук милициянын кызматкерлерине кызмат ордуна чейин келгенге жана кызмат ордунан кеткенге менчик автоунаасын колдонгонго болорун бүгүн, 10-майда Патрулдук кызматтын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.
"Бирок менчик автоунаанын ичине отуруп алып жол-коопсуздугуна жана коомдук тартипке көзөмөл жүргүзүүгө, административдик протокол толтурууга жана автотранспортту эксплуатациялоого тыюу салынган. Менчик автоунаасынын ичине кызматкер аба ырайынын кескин өзгөрүшүндөгү убакытта эле кыска мөөнөткө отуруп турууга уруксат берилет", - деп билдирди Таалай Бугубаев.