Өлкө аймагында калктын 95 пайызы санариптик телерадио берүү менен камсыздалды. Мындай маалымат бүгүн, 10-майда Бишкек шаарында санарипке өтүү боюнча маалымат жыйында айтылды.
"Өлкөбүз чоң тарыхый окуянын алдында турат. Анткени 15-майдан тарта өлкө аймагында аналогдук берүүлөр өчүрүлөт. Биздин өлкө санарипке өтүп жаткан 104 өлкөнүн катарына кирди. Буга чейинки аналогдук берүүдөгү техникалар эскилиги жетип калган болчу. Өлкөбүздүн аймактары тоолуу болгондуктан 54 санариптик жыштыкты кармап берүүчү аппараттар коюлган. Көрармандар санарипти акысыз көрүшөт. Бүгүнкү күндө биздин тажрыйбаларыбыз менен бөлүшүү максатында Тажикстан тараптан кайрылуулар болууда", - деп билдирди Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкө аймагында калктын 67 пайызы санариптик берүүлөрдү көрүүдө. 15-майдан кийин Бишкек шаарында көрүүчүлөр санарипке кошулган 52 канал көрө алышат. Ал эми Ош, Жалал-Абад аймактарында 36 канал көрүүгө болот. Нарын, Ысык-Көл аймактарынын эли 22 канал көрсө, Талас облусунда 18-21 канал көрүшөт. Ал эми Баткен облусунда 19 канал көрсөтөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө 315 миң калк жашаган 326 айыл санариптик телерадиоберүү менен камсыз боло электиги айтылды. Бул көрсөткүч өлкөдөгү калктын 5 пайызын түзөт.