1993-жылы 10-майда Кыргыз өлкөсү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин ичинен биринчи болуп өзүнүн улуттук валютасын кабыл алган. Кыргыз валютасы "сом" аталып, ал адегенде 1, 5, 20 сомдук банкнот түрүндө чыгарылган жана 1, 10, 50 тыйындык кагаз акчалар колдонууга киргизилген. Кыргыз акчасы башында 1 америка доллары 4 сомго бааланып, сомдун сатып алчу наркы жогору турган. Адистердин айтымында, улуттук валютанын кабыл алынышы эгемен өлкө үчүн революциялык тагдыр чече турган кадам болгон.
10-майга карата жылнаама.