Бишкекте бүгүн, 11-майда Германиянын Кыргыздагы элчилигинин алдына саясий куугунтукка кабылгандарды коргоо комитети жана камакка алынган саясатчылардын жакындары митингге чыгышты.
"Европарламенттин Кыргызга жардам берип жатканынын өзүнүн жолу бар. Мунун бардыгынын артында чоң саясат турганы менен, ушунча саясий куугунтук, мыйзамды тебелеген моменттер болуп жатат. Европарламент бүгүнкү күндө бул режимге берген жардамын токтотсун. Германия Евросоюздун күчтүү өкүлү болгон үчүн элчиликтин алдына келип турабыз", - дейт саясий куугунтуктан коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев.
"Бир жыл эки айдан бери күйөөлөрүбүздү УКМК СИЗОдо кармап отурат. Акыйкаттык издеп чыктык. Сот 4 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратып жатат. Туура эмес чечим чыгаргандарга Европага виза бербесин деп талап кылып жатабыз. Германия өкмөтү Кыргыздагы сот бийлигин каржылап канча акча коротуп жатат? Бул акыйкатсыздыкка алып келүүдө", - дейт Кубанычбек Кадыровдун аялы Жаңыл Кумашева.