Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундары 20 жылдык салтанатка жумшалуучу чыгымга жол оңдоп жатышат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 12-майда кабарлады.
"Мектепти 20 жыл мурун бүтүргөн жаштар айылга маршруттук каттам жүргүзүү максатында жолду оңдотуп жатышат. Айыл эли бата беришти. Эми жергиликтүү бийлик жаштардын үмүтүн актап, ушул жолго маршруттук каттам киргизип бере алабы?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.