Манчестердеги жардыруудан каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок

Улуу Британиянын Манчестер шаарындагы стадиондо орун алган жардыруудан каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, 22-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:35те "Манчестер-Арена" стадионунда Ариана Гранде аттуу америкалык ырчынын концерти соңуна чыгып бараткан учурда террордук акт жасалган. Натыйжада 22 киши көз жумуп, 59 адам жаракат алган. Кечээ, "жардырууну уюштурган жан кечти менен байланышы бар" деген шек менен 23 жаштагы жаран кармалган. Ошондой эле чет элдик басылмалар бул жардырууну "Ислам мамлекети" террордук уюму уюштурганын жарыялаганын жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан