Манчестердеги теракт ырчы Ариана Грандени тереӊ кайгыга салды

Улуу Британиянын Манчестер шаарындагы стадиондо америкалык ырчы Ариана Гранденин концерти соңуна чыгып баратканда жардыруу орун алган. Бул окуядан ырчы жабыр тарткан эмес. Бирок кырсык аны тереӊ кайгыга салганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Сындым. Болгон окуяга абдан өкүнүп жатам. Башка сөз айталбайм", - деп жазган ырчы интернеттеги өздүк баракчасына.
Манчестердеги теракттан улам америкалык ырчы Ариана Гранде "Коркунучтуу аял" аттуу дүйнөлүк турнесин убактылуу токтотту.

Эскерте кетсек, 22-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:35те "Манчестер-Арена" стадионунда террордук акт жасалган. Натыйжада 22 киши көз жумуп, 59 адам жаракат алган. Чет элдик басылмалар бул жардырууну "Ислам мамлекети" террордук уюму уюштурганын жарыялаганын жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baktikan
2017-05-25 13:33:31
Turnenin atin bashkacha koyso bolmok~Vhindap ele korkunuchtuu ayal bolupturgo
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан